10 кг “гашиш” менен 29 жаштагы бала кармалды

472

 

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизатты ташуу жана сатуу каналын аныктоого жана бөгөт коюга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.

2021-жылдын 9-июнь күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, ИИМдин БМЖКККнын жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган И.Ж. кармашкан. Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды (таңгагы менен) түзгөн таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

 

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы