Жамалидин Эшанкулов: “Мекенден сырттагы мигранттардын эмгек укуктарын коргоонун үстүндө иштейбиз”

433

 

 

Кыргызстандын тарыхындагы акыркы 20 жылда өлкөдөгү саясый жана экономикалык кризистен улам, кыргызстандыктар жумуш издеп, турмуш шартын жакшыртуу максатында дүйнөнүн булуң-бурчтарына кетишкени, былтыркы пандемия шартында ачыкка чыкты.

Айтса айтпаса белгилүү, калктын саны көп, суулуу жери аз түштүктүн Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ар бир экинчи үй-бүлөдө мигранттар бар. Биздин маалыматтык портал жакындан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан “Мигранттардын Кесиптик Бирлиги” уюмунун төрагасы Жамалидин Эшанкулов менен маек курду.

– Жамалидин мырза, мигранттардын кесиптик бирлиги уюму качан, кандай максаттар менен түзүлдү? Кепти ушундан баштасак.

– Биздин уюм, 2019-жылдын 17-октябрында Кесиптик Бирликтин биринчи Уюштуруу съезди өткөрүлгөн, ага 100 киши катышкан. Андан кесиптик бирликтин Уставы кабыл алынып, курамамы бекитилип, төрагасы кылып мени шайлашкан. Кесиптик бирликтин (мындан ары КБ) тиешелүү документтерин бүтүрүп, каттоодон өткөнчө пандемия башталды. Шартка карата онлайн режиминде иштеп жаттык. Ошентип 2020-жылдын июнь айынан толук ишмердүүлүгүн баштады. Уюмдун максаты кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн эмгек укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, эмгектин корголушун көзөмөлдөө, юридикалык кеңеш берүү болуп саналат. Жакындан баштап “kgmigrant.org” сайты ишке кирди. Сайттан дагы көп маалыматтарды алса болот.

– Мигранттарда түрдүү маселелер көп экени белгилүү. Сиздер кайсы багыттары боюнча иш алып барасыздар?

– Мигранттардын айлык акыларын төлөбөй койгон учурлар жана ишке орноштуруу багытында иш алып барып жатабыз. Негизи Москвада мигранттар көп. Алардын жумушка байланыштуу документтерин, каттоосун (регистрация), жумуш орун, турак жай, ушуга окшогон көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө иштейбиз. Мигранттардын эсебенин байыган кызматтар (агенство) көп. Москва чоң шаар болгодуктан, ар түрдүү фирмалар бар, ошолорго эмгек келишими жок иштеп, алдынып, айлык акыларын ала албай, бизге кайрылышат. Биз алар менен байланышып, маселени тактап сурап чыкканда, силерден өзүңөрдүн жарандардан да бир топ кемчиликтер кетет деп айтышат. Мисалы, жумушка кечигип келүү же тилдеп, орой мамиле кылуу, анан документтери мөөнөтүнөн өтүп кеткен болот. Албетте, Россияда мыйзам катуу иштейт, баарын өз нугунда жасап жүрбөсө, кадам сайын маселе чыга берет. Биздин жарандар тил билбей, өз укуктарын коргой албай калган учурлар кездешет.

– Негизинен эмгек укуктарын коргоо багытында иш алып барат экенсиздер. Ошондо эмгек укуктарын коргоп, айлыктарын алып берүү тууралуу кайсы тармакта иштегендер көп кайрылат? Себептери кандай болот?

– 2020-жылды жыйынтыгы, тактап айтканда 6 айлык ишмердигибиз төмөнкүдөй: Россиянын аймагынан 653 мигрант соцтармактар аркылуу ар кандай маселелер менен кайрылган.

Алардын ичинен:

-129 мигрант айлык акыларын ала албай калгандыгы боюнча;

– 28 мигрант айлык акыларын кечиктирип бербей жаткандыгы тууралуу жазып кайрылышкан;

– 1 мигрант эмгекти коргоо маселеси боюнча кайрылган;

– 34 мигрант паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча;

– 13 мигрант полиция паспортун негизсиз алып койгондугу, полицияга тушуп калгандыгы тууралуу жардам сурап кайрылган;

– 94 адам ишке орноштуруу боюнча;

– 37 адам профсоюз эмне жумуш кылат, мүчө болсо кандай жардамдар болорун сурап кайрылган;

– 9 мигрант чек арадан өткөндө миграциялык карта туура эмес толтурулуп калгандыгы боюнча;

– 53 мигрант каттоонун мөөнөтүбүткөндүгү тууралуу кайрылган;

– 88 мигрант РФ кантип мекенине кайтуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги тууралуу кайрылган;

– 27 миграцияда жүрүп, Кыргызстанга келип, кайра кете албай жүргөндөр кантип кетери боюнча кайрылган;

– 31 мигрант кара тизмеде бар-жогун тактап беруу боюнча кайрылган;

– 14 мигрант кара тизмеден кантип чыгуу боюнча консультация сурап кайрылган;

– 16 мигрант пандемия учурунда жардам сурап кайрылган;

– 3 адам пенсия курагы жеткендиктен пенсияга чыгуунун тартиби жана жол жоболору тууралуу кайрылышкан.

– Кыска убакыттын ичинде ушунча кайрылуу болуптур. Мигранттар менен кантип тыгыз иштешип жатасыздар?

– Биздин профсоюздун артыкчылыгы жана жетишкендиги биринчиден, мигранттын тили менен, алардын убактысыменен сүйлөштүк. Алардын жашоо-шартын сурап, качан келгенин, кандай кыйынчылыктарга кабылганын, кандай көйгөйлөр болуп жатат, ушуларды сурайбыз, угабыз, алар менен кошо кайгырып, кошо кубанабыз.Экинчиден мигранттын убактысына карап сүйлөшкөнгө аракет кылдык. Анткени, алар кечинде же эрте менен иштегендер болот. Мен алардын маселеси боюнча тиешелүү органдарга каттарды даярдоо үчүн мигрант тууралуу толук маалымат алышым үчүн да, алардын бош убактысын, анкетаны (ким ишке алган, кайсы фирма менен келишим түзгөн, ж.б.) толтуруп берүүсүн күтөм. Ошентип бир адамдын маселесин чечүү үчүн кат, документтерди даярдоо дагы бир топ убакытты талап кылат. КБнын атынан алардын эмгек акысын төлөбөгөн фирманын үстүнөн укук коргоо органдарына кат даярдайбыз, катта РФнын мыйзамдары, алардын статьялары, жоопкерчиликтери толук көрсөтүлүүгө тийиш. Биздин аракеттер дагы 100 пайыз аткарылып кетпейт. Башында белгилеп өттүм, алар дагы шылуундар, мыйзамдан качкандар бар. Айрым учурда мигранттардын укуктары корголбой калат. Албетте, мындай учурда нараазылыктар болот. Ушул жерде бир нерсени эске алууга тийиш, Биз Кыргызстанда туруп, Россиядагылардын укуктарын коргоп жатабыз. Мүчөлөрүбүз айына 20 рублдан төлөшөт, жылына 240 рубль. Бул акчалар КБнын ишмердүүлүгүн, кеңсе, интернет, канцелярияларга кетет. Негизинен каржылоо азырынча донорлор тарабынан болуп турат.

– Азыр сиздерге канча адам мүчөлүк акы төлөп жатат?

– КБга мүчө болом деген 5000ден ашуун жарандар бар. Биз аларга соцтармактар, ватсапгруппалар аркылуу маалымат берип жатабыз, күн сайын көбөйүүдө. 300дөй адам мүчөлүк акы (взнос) төлөп жатат.

– Ушул жерден кайрадан айлык акылар боюнча суроого кайрылсак. Канча мигранттын айлык акыларын өндүрүп бере алдыңыздар?

– 129 мигрант айлык акысын өндүрүп берүү боюнча кайрылган,алардын ичинен 21 мигранттын айлык акысы алынып берилди, бул 2 млн 728 миң рублди түздү. Ал эми 18 мигранттын арызы РФ тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.Дагы 41 мигрантка КР миграциялык кызматтынын Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылуу маалыматтары берилди, 11 мигранттын акчасын жакын арада берилери күтүлүүдө, 38 мигранттын иш берүүчүсу кайрылууга такыр жооп берген жок.

– Мигранттардын эсте калган окуялары менен бөлүшсөңүз?

– Канча адам кайрылса, ар биринин артында бир тагдыр турат. Бөтөн элде, бөтөн жерде тил билбегендин азабын абдан көп тартышат. Мисалы, бир кыргыз жигит метродо баратат, метронун аркы бурчунан мушташ чыгып кетет. Полициялар келген учурда мушташкан топ кыргыз бала турган тарапка качышат. Полициялар кыргыз баланы да мушташка катышуучу катары кармап кетет. Тил билбегендиктен окуя кандай болгонун айтып бере албай, кармалып, көрсөтмөлөргө кол коюп, тергөө абагына отуруп калат. Биздин Москвадагы координатор, волонторлер метродогу виедожазууну таап, аны сотко далил катары көрсөтүп, натыйжада кыргыз балнын күнөөсүз экени акыкталып, абактан чыккан. Болбосо 2 жылга кесилип кетмек. Дагы бир кыргыз кыз бир фирмада эмгектенип жүрүп, көп иш кылганы менен башкалардан аз айлык аларын байкап калат. Иш берүүчүлөр жаңсап, улам чуркап барып бирөөлөрдөн сурап келип отуруп, айлыкты аз төлөрүн түшүндүрөт. Иш берүүчүлөр кыздан аракетин, тил билбесе да укугун коргой аларын баалап, акырындап айлыгын көтөрүп, кийин кызматкерлерге башчы кылып дайындайт. Булар бардык мигранттарга сабак болуш керек.

– Мигранттар биздин жашоонун акча салуучулары болуп жатышат. Миграциянын оң жана терс жактарын атай кетсеңиз?

– Миграцияны трагедия катары көрбөө керек дегенге кошулам. Биздин жарандар башка мамлекеттерге барып кесипке үйрөнүп, башка маданиятты, салтты үйрөнүп, аларды турмушта колдонуп жатат. Мисалы, эркектер айыл жерине заманбап шарттары менен үйлөрдү салып жатышат. Кыз-келиндерибиз дагы тигуучулук, тамак жасоо, дасторкон жасалгалоо, ж.б. аялдарга тиешелүү иштерди үйрөнүп келгени жакшы нерсе. Ал эми маселенин экенчи тарабы, миграцияга кеткен ата-энелердин балдар башка колдо чоңоюп, ата-эненин толук мээримин, тарбиясын албай калып жатат.

– Мекенден сыртка чыгып иштөөнү көздөгөндөргө кандай кеңештерди берет элеңиз?

– Башка өлкөгө чыгам дегендер эске алуучу жагдайлар өтө көп. Бизде Россияга барууну каалагандар кара тизмеде бар-жогун тактап, бир кесипке ээ болуп алып барса, өздөрүнө жеңил болот эле. Ал эми тил маселеси да өтө курч. Ошондой эле бөтөн элдин маданиятын, салтын да билүүгө тийиш. Биз миграцияга жөнөгөндөрдү окутканда айтабыз, чет өлкөнүн маданиятын үйрөнгүлө деп. Мисалы, мындай окуя болгон. Бир кемпир итин ойнотуп жүрүп, отургучка отурганда биздин мигранттын баласынын бутуна асылып ойноп койгон экен, ал бала итти тээп ийет. Иттин ээси ошол жерден милиция чакырып, ызы-чуу болгон. Ошондой жөнөкөй нерселерди үйрөнүү керек да. Дагы бир эске алуучу жагдай, мигранттар иш берүүчү менен келишим түзүп, банктык эсеп ачып, керек болсо алар менен сүрөткө түшүп, далилдуу фактыларды топтоп, бардык тараптан өз укугун бекемдөө керек. Айлыктары же жумуш орду тууралуу маселе чыкканда, ушулар жардам берет. Буларды факты катары арыз берүү учурунда колдонобуз.

– Сиздин маалыматты уккандан кийин мигранттардын укуктары корголуп жатканына ынандым. Кесиптик бирликтин алдыдагы иштери тууралуу окурмандар менен бөлүшсөңүз?

– Маеибиздин башында айтканымдай, КБнын түзүлүшү пандемия шартына туш келип, аралыктан иш алып барууга туура келди. Буюрса, ишти жандантып, активдешип жатабыз. Москвада координаторлорубуз Акбар Разыкулов, Сагынбай Расуловдор, мекенчил волонтерлор менен бирдикте жазылган каттардын түп нускасын даректерге жеткирүү, котормочу кызматын аткаруу,сот процесстерине катышуу,мигранттарга ар кандай консультацияларды берүүдө чоң жардам берип, колдоп жатышат. Жакшы кабарыбыз, Россиянын көз карандысыз профсоюз уюмунун Москвадагы “Новопров” кеңсесинен бизда иш бөлмө ачып жатабыз. Эми бизге кайрылган жарандар ошол дарекке келип, кайрылышат. Жакынды биздин жетекчилик Мосвка жана Санкт-Петербург шаарларына барып, мигранттар, диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугуп, маселелерди жеринен угуп келип, май айында Ош шаарында КБнын экинчи съездин өткөрүүнү пландап жатабыз. Съездде каралган маселелер боюнча өкмөткө сунуштарды беребиз деген максаттарыбыз бар. Аталган иш-чарага көз карандысыз “Новоправ” профсоюзунун төрагасы Иван Белых, Москва, Сауд Аравия, Өзбекстан, Туркиядан өкүлдөрүбүз келиши күтүлөт.

– Биздин жарандар Россияга ички паспорт, айдоочулук күбөлүк менен барып, иштеп жатышат. Дагы кандай жеңилдиктер бар?

– Туура, биздин мамлекеттин башка коңшу мамлекеттерге караганда мигранттарга бир топ жеңилдиктерди алып бергени белгилүү. Алар:

– РФ аймагында биздин жарандар ички паспорт менен жүрө алышат.

– жумушка оношууда РФ жарандары сыяктуу эле тандоо укугуна ээ. Башка коңшу мамлекеттин атуулдары ишке орношуу учун патент алышат;

– билими жөнүндөгү документтер РФ аймагында таанылып, ошол документтердин негизинде кесиби боюнча жумушка орношууга укуктуу;

– пенсияга чыгуу маселеси 2021 жылдын 1-январынан баштап ишке кирди;

– балдарыбыздын мектептерге, балдар бакчасына кабыл алынышы.

Мамлекет мигранттардын маселесин кайсы бир деңгээлде чечип, укуктарын коргоого аракеттерди көрүп келет. Биздин да негизги максаттардын бири, бийликти карап отура бербей өзүбүз биригип өз укугубузду өзүбүз коргоп, маселелерибизди өзүбүз чечкенге аракет кылып, мамлекетибизге жардам берели деген ой.

Маекти даярдагандар Назгүл Кушназарова, Орозгүл Аташова.

Булак: Кадам-медиа.кж