Жүрсүн Каттообеков, ырчы: “Саясатка аралашкым келбейт”

290

Бүгүн биз коңур үндүү, талантуу ырчы Жүрсүн Каттобековдон жеке жашоосу, чыгармачылыгы боюнча маек алдык.

Ысымыңыз өзгөчө. Эмне үчүн Жүрсүн?
– Атымды биринчи уккан адамдар таң калышып “эмнеге Жүрсүн? Ушундай дагы ысым болобу?” – деп сурап калышат. Менин эле атым эмес бир туугандарымдын дагы ысымдары башкача. Байкемдин аты Турсун. Эжемдин аты Турсунай.Мен Жүрсүн, анан иним Бексултан. Ысымдарыбыздын минтип өзгөчө коюлгандыгынын себеби, азыр 4 бир тууганмын. Бизден мурда балдар токтобой жүргөн учурда ырымдап биздин ысымдарыбызды ушинтип тилек кылып башкача коюшкан экен. Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы.
Чыгармачылыкка болгон кызыгууңуз эмнеден башталган?
– Чыгармачылыкка болгон кызыгуум чынын айтканда мектепти бүтүп борборго келгенде башталды. Негизинде бала кезде эле ырга жакын, музыка дүйнөсү менен жакындыгым бар, зирек, кыраакы бала элем. Мектепте окуучулук күндөрдө эле концерттерде, кечелерде ар кандай коомдук иштерде катышып комуз менен ырдап, куудулдардын сатираларын туурап роль жаратып, активдүү болчумун. Бирок ошол учурда ырчы болом, чыгармачылыкка аралашам деген деле ой болбоптур менде. Эмнегедир саясатчы болгум келе берчү. Анан мектепти бүтүрүп шаарга келип Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин “Тарых жана чөлкөм таануу” факультетине тапшырып, окуу жайда окуп жүрүп, негедир ырдагым келип, өзүм ыр жаза баштадым. Музыкага болгон сүйүүм күчөп туруп алды да. Окууну бүтүрүп Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырып ал жакты ийгиликтүү аяктап,учурда Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук Консерваториясында билим алып жаткан убагым.Бирок ушул күнгө шүгүр! Чыгармачылыкка аралашканы башымдан кыйын көп күндөр өттү алдыда дагы кандай күндөр бар ал табышмак.
Эмне жөнүндө ырдоону кыялданасыз?
– Негизи өнөр адамдары аябай кыялкеч, жан дүйнөсү назик болот эмеспи. Ырлардын сөзү обонуна төп келген маанилүү маңыздуу, элге жеткиликтүү ырларды ырдагым келет. Ыр атасы Рыспай Абдыкадыров , Асанкалый Керимбаев. Калмурат Рыскулов,сыяктуу залкар адамдардын чыгармасындай өмүрү узун, ар кандай темадагы ырларды ырдоону кыялданам. Колдон келсе дүйнөлүк чыгармаларды ырдасам дейм. Анан албетте, ата-эне жөнүндө жаштарга тарбиялык маани бере турчу ырлар болсо ырдагым келет.
Жашоодогу принцибиңиз?
– Пайгамбарыбыздын сахабаларынын мындай айткан сөзү бар. Пайдам сага тийбесе кечирип кой, бирок, зыяным сөзсүз тийбейт деген. Менде дагы ушундай принцип.
Белгилүү ырчы болуш үчүн сизге эмне жетишсиз?
– Жакшы суроо болду. Белгилүү ырчы болуш үчүн мага көп эмгек керек. Мен жалкоолуктан кутула албай жатам да. Буйруса эмгек менен достошуп чыгармачылык менен иштеп быйыл жакшы пландарды ишке ашырып аракетти кылайын деп белди бууп жатам. Профессионал адамдар менен иштешип, Кудай буюрса сиздер менен көп-көп жаңылыктарым менен тез-тез бөлүшүп, жаңы эмгектерим менен угарман,көрарман күйөрман тапсам деген жакшынакай ойдомун. Анын баары алдыда кудай буюрса.
Үнүңүзгө кандай баа бересиз?
– Өзүмдүн үнүмө өзүм эмес,эл баа берсе туура болот болсо керек. Эл тараза эл сынчы дегендей.Себеби эл угарман катары ырчынын үнүн баалай билет. Эл ичинде өнөрлүү адамдар көп эмеспи, ар бир ырчынын үнүн эл калыс сыяктуу эле өзгөчө сындайт. Жакшы ырдаганга аракет кылам. Бирок менин үнүм укмуш деп айтпайм.
– Эмнеден баш тартышыңыз мүмкүн?
– Баш тартууга туура келген нерседен баш тартмакмын(күлүп). Саясатка баруудан баш тартмакмын. Комузумду саясатка алмашт