Өздүк курам дегенде тике туруп, ичкен ашын таштаган командир

384

 

Бул жолу облустагы өздүк курамдын арасында эң алдыңкы, формасын дайыма өзгөчөлөнтүп тыкчыйып, зыңкыйып кийип, өзүнүн жүрүм-турум жана өзгөлөргө болгон сый-урмат мамилеси менен жаштарга мисал боло алган кызматкер Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул Күзөт Кызматынын Өзүнчө Ротасынын командири, милициянын майору Календаров Зураб Кубанычбекович менен маек куруп келдик.

Календаров Зураб Кубанычбекович 20.03.1982-жылы Сузак районунда жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы инженер-куруучу, апасы дарыгер кесибинин ээлери.

Зураб Календаров ИИМде 2004-жыдан бери кызмат өтөп келет. Үй-бүлөлүү 1 уул 2 кыздын атасы. Ведомстволук медаль, ардак грамоталардын жана КРнын Өкмөтүнүн (2019-ж) Мамлекеттик ардак грамотасы менен сыйланган. Бокс боюнча спорт чеберине талапкер (КМС).

Чоң атасынын формасын жана сүрөттөрүн көрүп милиция болууну кыялданган…

– Чоң атасы Сабыр аксакал ИИОдо СССР мезгилинде Сузак райондук ИИБдө паспорт столдо начальник болуп иштеген. Ошол чоң атамдын сүрөттөрүн көрүп (өзүн көргөн эмесмин) үйдө илинип турган параддык формасын жана атасынын айтып берген баяндарынан улам милиция болууга 5 жашыман тартып шыктангамын – дейт. Ал бала чагында аскер кийимдерин кийип, марш тээп жүргөн күндөрүн азыр деле эскерет.

– Бала кезимден милиция болууну эңсеп, ИИМдин Академиясына тапшырууну максат коюп алдын ала даярданган. Бирок 1998-жылы бокс боюнча Бишкек шаарына барып, 5 күнгө созулган мелдеште суукта жана ачка калып калган күндөрүн эстеп, Бишкекке баруудан баш тарткан. Ал жылдары өтө эле кыйын, жокчулук жана тартыш мезгил эле дейт. Ошентип, 1999-жылы Ош Технологиялык Университетине тапшырып, ал окуу жайды 2004-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Ошентип жогорку билимди Ош шаарынан аяктап милицияга жумушка кирүүгө бел байлап, Оштогу милициянын атайын мектебиндеги 3-курсту аяктап, алгачкы жумушун Жалал-Абад шаарындагы күзөт бөлүмүндө баштаган.

Өзүнүн жумушка болгон кызыгуусунун, тырышчаактыгынын, чынчыл жана жоопкерчиликтүү мамилесинин натыйжасында жетекчилеринин назарына илинип, карьерасындагы өсүүлөр башталган.

2006-жылы Жалал-Абад ОИИБдин КККнын Өзүнчө батальонунда милиционер кызматына которулуп келип, ал кызматта бөлүмчө командири, взвод командири кызматтарына чейин жетип, офицер болгон. Андан сырткары базар ичинде тоноочулук, уурулук жана наркотик фактыларынын изин суутпай кармап, 2008-жылы жыл жыйынтыгы менен “мыкты милиционер” наамын алганга жетишкен.

Эл менен жакындан иштешип, элдин көйгөйүн чечүүдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана болтурбоодо ар кандай мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында Сузак РИИБне участкалык инспектор болуп дайындалып, ал кызматта да алгылыктуу иштерди жасап, элдин алкышына татый алган.

Карьерасында ИИМдин Академиясында да болочок офицерлерди тарбиялоодо эмгектенип келген.

Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын Өзүнчө ротасында ийгиликтерди жаратып, 2015-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта ар кайсы кызматтарды аркалап, 2018-жылдын ноябрь айында ошол бөлүккө командир болуп дайындалган.

Өздүк курам дегенде тике туруп, ичкен ашын таштаган командир.

Командир болуп келгенден тартып, алгач өздүк курамга шарт түзүүнү максаттап, ППСтин имаратын оңдоп-түзөөдөн баштадым. Андан сырткары кайгулдоо үчүн бөлүнгөн, бирок бузук абалда турган автоунааларды оңдотуп, кайгулдоо багыттарында иштетүүгө өбөлгө түзгөн. Ар бир сержент үчүн күйүп жанып, кайгулдоо учурунда изин суутпай ачкан кылмыштар үчүн кол астындагы кызматкерлерди сыйлоого сунуш берип, алардын ишин даңазалай билет жана кезектеги чин, сыйлыктардын артынан сая түшүп, өдүк курамга жагымдуу учурларды тартуулаганга чуркайт.

Карысы бардын ырысы бар.

Аны менен катар ППСтен чыккан ардагерлерди да унутта калтырбай, жылына даталуу күндорү аларды чакырып, ардагерлерибиздин башын бириктирип, сый-тамак жана белектерге чейин берип келебиз. Бир тарабы жаш кызматкерлерге үлгү болсо, экинчиси карысы бардын ырысы бар демекчи, алардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин угуп, күнүмдүк ишмердигибизде колдонуп келелбиз. 2020-жыл ичи карантин болуп, бул сапар ардагерлердин үйлөрүнө чейин барып, унутта калтырбайкабар алып жаттык.

Өздүк курам окуп-машыгуу жана күжүрмөн жүрүштү (марш бросок) эңсеп турушат.

– Алгач күжүрмөн жүрүштөрдү көпчүлүк жактырбаган маанайда кабыл алчу. Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү азайтуу жана өздүк курамды ынтымакка тарбиялоодо, аларды кызыктыруу максатта ок атуу, машыгуулардан кийин ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруп (взвод аралык аркан тартыш, унаа сүйрөмөй, кол күрөш ж.б.), талаа шартында тамактанып, маданий иш-чаралар менен жыйынтыктап көңүлүн бура алдык. ППСтин жана милиция күнүн белгилөөдө спорттук иш-чараларды уюштуруп, жумуштан сырткары өздүк курамды бир муштумга, ынтымакка бириктирүүгө жол таба алдым – дейт Зураб Календаров.

Милициянын ишине тоскоолдук жасап, берилген милдетти толук аткара албай калбаш үчүн ИИОдон өз каалоом менен чыгып кеткем.

2013-жылы үй-шартым оорлошуп, атам каза таап, ошол эле учурда бир тууган агам ооруп операция жасалып, сыноого кабылып калдым. Ошол учурда же жумуштан жок, же ооруканага өз убагында дары-дармек жеткире албай калып, жетекчиликтен кайра кайра сурана бергенден тартынып, өз каалоом менен жумуштан чыгып кеткенмин.

Спорттогу ийгиликтерим жумушта чоң жардамын берген.

2006-2007-жылдары кайгулдоодо жүрүп шаардын борборундагы бир кафеде мас абалдагы жаран бычак кармап тополоң салып, баарын качырып жаткан экен. Бул боюнча рациядан кабар келип түшүп, ошол окуя болгон жерге жакын болгондуктан ыкчам бара калдык. Ал киши бизге каршылык көрсөтүп, колундагысы менен шилтей калганда анын чабуулунан буйтап, шамдагайлык менен колундагы бычагын ала калып, колун кайрып, ШИИБге жеткиргенмин. Спорттун пайдасы ден-соолукту чыңдоодо, айрыкча кесиптик милдетти аткарууда өтө зор экедигин белгилейт.

Маегибиздин аягында – Кыргыз мамлекетинде стабилдүүлүк өкүм сүрүп, экономикабыз өнүгүп, ынтымакта, келечегибиз кең болуп, ИИОнун ишмердүүлүгү алгалап, эл ишенген милиция бололу – деп сөзүн жыйынтыктады.

Маектешкен Шеркул Турганбаев