Абдиль Сегизбаев кармалды

656

«Белизгейт» фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы башчысы А.Сегизбаев кармалды

А.Сегизбаев тууралуу социалдык тармактарда чыгарылган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы төмөндөгүлөрдү билдирет.
2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматовду, А.Салянованы жана Ө.Текебаевди Кыргыз Республикасынын элинин алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүдөгү А.Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.
Тактап айтканда, «Белизгейт» деп аталган иши менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы төрагасы А.Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы жана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча.
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү алкагында А.Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-бер. негизинде ал Бишкек ШИИБнин УКЖсына кармалган.
Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.