Жанар Акаев «Жигулиге» акча чогултуп жатат

323

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткен облусунун тургунуна «Жигули» алып берүү үчүн акча чогултуп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Жаңы жылда бир үй бүлөнү кубантып койбойлубу? Баткенге болгон сапарымда телефон номеримди калтырып келгем. Жакында бир үй бүлө мага жазды, такси болуп иштеп үй бүлөмдү багуу үчүн «Жигули» алып берсеңер жакшы болот эле деп кайрылды», — деп жазды.

Анын айтымында, аталган унаа жүз миң сомдон кымбатыраак турат. Аны алып берүүгө өзүнүн акчасы жетишсиз.