Курсан Асановдун кыргызстандыктарга кайрылуусу

2245

Урматтуу кыргызстандыктар, тарапташтарым жана шайлоочуларым!

 

Мага сиздердин колдооңуздар дем-күч, тоодой тирөөч болду. Колдогон элимдин үмүт шооласын өчүрбөстөн, мыйзамдуулук түрдө сактап калууга күч жумшаганым — бул менин атуулдук парзым.

Албетте, шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар орун алды. Ар-бир шайлоочунун добушу-укугу үчүн мыйзам чегинде күрөшүүгө даярмын. Жашоо-бул күрөш.

Учурдан пайдаланып, мен дагы бир жолу тарапташтарыман, колдоочуларыман өтүнөм, нааразычылык акцияларын уюштуруп, митинг, пикеттерге чыгуунун кажети жок. Мен дайыма өлкөдө тынчтык, туруктуулук үчүн кызмат өтөп келгем. Мен үчүн өлкөбүздүн, элибиздин тынчтыгы өтө маанилүү. Мен мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн дайыма ак кызматымды аябайм. Сиздер менен бирге мындан ары да саясий күрөшүбүздү мыйзам жолунда уланта беребиз.

Мен үчүн добуштарын беришкен миңдеген шайлоочуларыма чын дилимден ыраазымын. Сиздердин ишеничти акташ үчүн элиме, өлкөбүзгө татыктуу кызмат кылууну уланта беремин.

 

Урматтоо менен, Курсан Асанов!