Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

178

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын  мурдагы депутаты, президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүн 30-ноябрда президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров менен Садык Шер-Нияз резиденцияда жолугушкан. Жолугушууну мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов уюштурган.

Эки тарап чай үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышпай турган болду.

Эске салсак, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Талапкерлер 3-декабрга чейин 30 миңден кем эмес адамдын колун чогултушу зарыл.