Сүйүн Өмүрзаков өзүнө коюлуп жаткан дооматтарга жооп берди

437

 

3-ноябрь күнү Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда Оштун жашоочусу Кайназар Идрисов ички иштер министринин биринчи орун басарынын туугандарына наарачылычылыгын билдирип, алар Ошто мафия түзгөндүгүн билдирген.

Бул маалымат боюнча Сүйүн Өмүрзаковго биздин редакция кайрылган учурда төмөнкүлөрдү билдирди:

-Мен Идрисовдордун үй-бүлөсүн жакшы билем. Кайназардын Манас жана Адыл деген эки бир тууганы бар. Биз алар менен жакшы мамиледебиз жана достордонбуз. Эмнеге мага жеке өздөрү кайрылбагандыгына таң калычтамын.

Кайназар Идрисов жеке өзү сизге кайрылганбы?

-Идрисовдордун бир туугандарынын бири дагы мага кайрылган эмес, мен өтө таң калычтамын. Бул окуя боюнча мен башка адамдардан билдим. Жайында эле мага абройлуу эки адам кайрылып, бул окуяларга менин тиешем барбы деген суроо менен кайрылышты эле. Кайназардын билдирүүсүндө айтылган кызматтык өсүштөргө жана күзөт агенттигине менин жана бир тууганымдын эч кандай тиешеси жоктугун билдирем. Муну каралоо максатында кимдир-бирөөнүн аракети деп баалайм жана буйрутма берип таратып жаткандардын абийирине койдум.

Биринчиден, Идрисов маалымдаган “Мухаммад-Умар” спорттук клубу-бул жеке көз карандысыз компания. Экинчиден, Улукбек Өмүрзаков билдирүүдө айтылган күзөт компаниясынын ээси эмес. Спорттук клубдун катышуучулары күзөттөө милдетин дагы аткарышкан. Ал эми Эльнура Өмүрзакова боюнча айта кетсем, ал укук коргоо органдарында көп жылдар бою эмгектенип келген. Эгерде анын ишмердүүлүгүндө бузуулар орун алган болсо, аны көзөмөлдөй турган органдар бар.

Жалган маалыматты таратып жаткандарды жоопкерчиликке тартуу керек. Антпесе алар жоопкерчиликти сезишпей, өз кызыкчылыктары үчүн каралоолорун улантып, эл үчүн кызмат өтөп жаткандардын аброюна шек келтире берүүлөрүн токтотушпайт.

Ошондуктан, такталбаган жалган ушактарды коомчулукка тараткандарды укуктук талаада токтотуу керек. Бул үчүн укук коргоо органдары тыкыр иликтөөлөрүн жүргүзүп, адамдардын намысына жана абийирине шек келтиргендерге катуу чараларды көрүп берүүнү сунуштайм.