Улуттук университеттин мугалимдери ректорду коргоп чыгышты

78
КУУнун мугалимдер жамааты.
КУУнун мугалимдер жамааты.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалимдер жамааты азыркы ректор Канат Садыковду коргоп чыгышты. Бишкекте өткөн маалымат жыйында КУУнун мугалимдери Өкмөт тарабынан ректорго карата «өз каалоң менен кызматтан кет», — деп басым болуп жатканын айтышты.
Алардын айтымында, азыркы ректор 2017-жылы 5 жылдык мөөнөткө шайланган.
Профессор Кундуз Базакеева Садыков ректор болуп турганда бир нече алгылыктуу проектилер башталганын билдирди.
«Канат Садыков ректор болуп 2017-жылы дайындалган, ал дагы эки жыл иштеши керек. Бул жылдар аралыгында бир топ проектилер ишке ашырылууда, биз ар кандай текшерүүлөрдөн арылып, эми алгылыктуу иштей баштаганбыз. Бирок акыркы эки күндө жаңы бийликтин адамдары ректордун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда», — деди.
Дагы бир профессор Мырзабек Камчыбек уулу ректорлукка талапкер 65 жашка чейин болушу керектигин, Каныбек Осмоналиевдин жаш курагы буга туура келбестигин айтты.
«Жашы 65тен жогору адамдар шайлоого катыша албайт, Каныбек агайдын жашы ректорлукка ат салышууга туура келбейт.
Азыр өлкөдө легитимдүүлүк чоң роль ойноп жатат. Биздин ректор мыйзамдуу отурат, окуу жайды саясатка аралаштырбооңуздарды суранабыз», — деди ал.