Жогорку сот БШКнын арызын артка кайтарды

73
БШК
БШК

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Административдик соттун 24-октябрдагы чечимине даттануу ирээтинде жазган арызын артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, БШК мамлекеттик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк берген эмес. Ошондуктан арыз ээсине кайтарылып берилген.

Эске салсак, Бишкектин Административдик соту БШКнын 20-декабрга белгилеген парламенттик шайлоосун жокко чыгарган.