Блогер «Сыдымандын» соту уланат

93
сыдыман
сыдыман

Instagram  социалдык түйүнүндө «Сыдыман» деген ат менен таанылган блогер Эльмирбек Сыдымановдун соттук иши 12-ноябрда уланат. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

Октябрь райондук ИИБи 2020-жылдын 17-февралында аны кармап, «аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Октябрь райондук сотунда анын иши каралып, прокурор аны 6 жылга эркинен ажыратууну сураган. Блогердин жактоочусу анын сөзүнө лингвистикалык экспертиза дайындоону соттон суранган. Сот жактоочунун арызын жарым жартылай канааттандырган. Блогер Сыдыман үй камагына чыгарылган болчу.

Элди түндүк-түштүккө бөлгөн блогерди милиция кармап кетти