Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин бир нече жолу бузган айдоочуну кармады

81

Акыркы учурларда Интернет сайттарга катуу ылдымдык менен айдап, андан сырткары жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуп, анысы аз келгенсип кылган бузуусун интернет сайттарга жайгаштырган авто бейбаштар катталууда.

Ошолордун бири «Мерседес-Бенц» үлгүсундөгү авто унаанын айдоочусу видеодо көрүнүп тургандай жол эрежесин бир нече ирет бузган. Бул айдоочуну милициянын кайгуул кызматкерлери издеп таап, ким экендигин аныктап, 1996-жылы туулган У.М аттуу айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин беренелери боюнча 3 протокол түзүлүп, жалпысынан 16 000 сомго айып салынды. Ошондой эле айдоочуга карата мындай жооруктарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ушундай бузуулардын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы мындай айдоочуларды атайын издеп таап, аларга чара көрүү иштерин үзгүлтүксүз улантууда.

Андыктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоо менен унааны башкарууга чакырат.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.