Бишкекте жасалма күбөлүк колдонуп жүргөн адам кармалды

171

 

2020- жылдын 25 — октябрда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 01:40 чамасында Чүй көчөсү менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү авто унааны токтотуп, документтерин текшерүү учурунда 1993-жылы туулган К. А аттуу жаран өзүн Кыргыз республикасынын кылмыштуулук жана корупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштегендиги тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн. Ошондой эле мас абалында унаа башкарганга шектелгендиктен спирт ичимдигин текшерүү учурунда мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган.

Азыркы учурда авто унааны мас абалында башкаргандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми айдоочуну жасалма документ алып жүргөндүгү үчүн Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрттине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 359- берененин (Документтердин жасалмасы) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы.