Ош шаарында токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогулдан табылды

127

 

2020-жылдын 23-октябрында Ош ШИИБнен Жалал-Абад ОИИБне багыттама жиберилип, анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанында кулпуланып токтоп турган, кызыл түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны, 23-октябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер ичин ачып, айдап кетип калгандыгы белгиленген.

2020-жылдын 23-октябрында болжол менен саат 11:20 чамасында Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн инспектору Токтогул районунун аймагынан Бишкекти көздөй бараткан кызыл түстөгү “Хонда-Фит” автоунаасын токтоткон учурда, айдоочу токтобой айыл аралап айдаган. Инспекторлор автоунаанын артынан кууп жеткен учурда анын айдоочусу, Ош облусунун тургуну 1994-ж.т. Х.Р. автоунаадан түшүп жөө качып жөнөгөн. Эскертүү иретинде асманга ок атылган учурда да ал токтобогон. Инспекторлор артынан кууп жетип Х.Р. кармалган. Окуя болгон жерден эч ким денесинен жараат алган эмес.