Газотравматикалык тапанча көтөрүп жүргөн. Бишкектин тургунун сабаган балдар кармалды

254

 

2020- жылдын 17- октябрда болжол менен саат түнкү 02:00 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Манас көчөсүндө белгисиз жарандар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1970- жылы туулган К.З аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 02:16 чамасында аталган даректен арыз ээсин белгисиз жарандар эч себепсиз уруп, тапанчадан ок чыгарганга чейин барган.

Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери дароо чечим кабыл алып, байбаштык жасаган жарандарды кармоо иш- чарасын уюштуруп, натыйжада кылмыш изин суутпай 1993-жылы туулган И.Ж , 1989-жылы туулган Ч.Ч жана 1995- жылы туулган К.А аттуу жарандар кармалып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кармоо учурунда шектүү жарандардан газотравматикалык тапанча табылган.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрттине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеин ( Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы.