Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 12 жаштагы бала каза болду

116

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 12 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен 3.50 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында (Сары-Булак айылы) Toyota Avensis унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2008-жылы туулган бала көз жумган. Беш адам, анын ичинде төрт жашар бала ар кандай деңгээлдеги жаракат алышты.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабырлануучуларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматы менен Кочкор аймактык ооруканасына жеткиришкен. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.