Милициянын кайгуул кызматы тоноочулукка шектелген жаранды кармашты

155
наручник
наручник

 

2020-жылдын 12-октябрда болжол менен саат 23:50 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Буурдин көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп акчамды алып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда 1983-жылы туулган И.З аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 00:05 чамасында арыз ээсин коркутуп, 5000 сом өлчөмдө акчасын алып кетишкен.

Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин уюштуруп, кылмыш иизи сууй электе тоноого шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.Т аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.