Бишкекте ок атуучу куралдары бар кылмыштуу топ кармалды

17

Бишкекте ок атуучу куралдары бар кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ГУВДнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Криминалдык милиция кызматына куралдуу кылмыштуу топ кылмыш жасоо үчүн Бишкекке жашыруун келгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Факт КЖБРде катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси «Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Милиция жети шектүүнүн турган жерин аныктады. Алардын үчөө мурда ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон.
Мындан тышкары, милиция кылмышка шектүүлөр оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын тоноого катышкан деп эсептешет. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Үйлөрүнөн ок атуучу куралдар алынды.