Милициянын кайгуул кызматкерлерине сабактар өткөрүлдү

13

 

Милициянын кайгуул кызматкерлерине сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында түзүлүп, толук кандуу ишке кирип, Ош шаарында жаңы түзүлүп жаткан Милициянынын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлерине карата иштелип чыккан окутуп үйрөтүү програмасына ылайык Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлерине Жарандык союздун тең төрагасы Тимур Шайхутдинов, психологдор Ангелина Демильханова жана Галина Давлетбаеванын катышуусунда өздүк курамга “Кайгуул милициясы үчүн калк менен иш алып барууда техникалык байланыш жана психологиялык туруктуулук” темасында видео сабактар өткөрүлүп, өздүк курамдын кызматка болгон профессионалдык деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМне тиешелүү болгон айрым жаңы буйруктар, укуктук-ченемдик актылар жана калк менен тыгыз иштешүүдө керектелүүчү тартиптик жаза фактылар тууралуу сабактар көрсөтүлдү. Ошол менен катар өздүк курам менен ой-пикир алмашылып, өздүк курамдын суроолоруна психологдор жооп беришти.