Баткендеги оорукана боюнча маалымат

44

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарга жарыяланган Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун эски имараты боюнча билдирүү таратты.

Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун балансында азыркы учурда иштетилбей турган 3 кабаттуу имарат 1956-жылы 95 керебетке ылайыкташтырылып курулган. Имараттын эскилиги жеткендиктен 1991-жылы Айдаркен сымап комбинатынын жардамы менен жаңы типтүү 90 керебетүү оорукана курулуп, учурда Айдаркен шаарынын жана Бирлик айыл аймагынын жашоочуларын тейлеп келет. Эски имаратка бүгүнкү күндө муктаждык болбогондуктан, пайдаланылбай турат.

Ал эми бир кабаттуу жугуштуу оорулар бөлүмү эски 3 кабаттуу имараттан сырткары жайланышкан. Учурда толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, айланасы заманбап тосмолор менен тосулуп, санитардык нормаларга жооп берет. Оорукана 10 керебетке ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө ооруканада ковид-19 жана пневмония оорусу менен жабыркаган жарандар дарыланып жатат.

Эски имаратты пандемия учурунда Баткен облусу боюнча ооруларды дарылоо үчүн оңдөп-түзөөдөн өткөзүп, колдонуу боюнча сунуш берилген.