Паспорттун жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөдөгү кыргызстандыктар добуш бере алышат

29

Чет өлкөлөрдөгү паспортторунун жарактуулук мөөнөтү бүткөн кыргызстандыктар Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш бере алышат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясында белгиленгендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттун, ошондой эле 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун (ID) жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.
«Республиканын чегинен тышкары жерде жүргөн же жүргөн Кыргызстандын жарандары ушул жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин аяктаган паспорттун узартылышына тиешелүү белги коюу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге кайрыла алышат», — деп белгиледи шайлоо комиссиясы.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары 44 шайлоо участкалары түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт. Чет өлкөлөрдөгү өздөрүн тизмеден таппай калган кыргызстандыктар дипломатиялык мекемелерге кайрылышы керек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.