Ноокат районунда унаа дарыяга кулап кетти

12

Ноокат районунда унаа дарыяга кулап кетти. Куткаруучулар эки жабырлануучуну издеп жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-сентябрда кечинде Күн-Дөбө айылында Хундай Портердин айдоочусу рулду башкара албай, унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Салондо айдоочу жана эки жүргүнчү болгон. Бир жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген, экөө табыла элек.
Издөө иштерине үч куткаруучу тартылган. Эртең менен издөө иштери түн бир оокумга чейин созулуп, бирок сөөктөр табылган жок. Издөө иштери бүгүн дагы улантылат.