Жети спортчу «Кыргызстандын спорт чебери» наамын алды

29

Кыргызстанда жети спортчу спорттун чебери наамын алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, мамлекеттик агенттиктин буйругу менен «Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери» жана «Кыргызстандын спорт чебери» спорттук наамдары төмөнкү спортчуларга берилди:
«Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери»:
Валерия Качалко — бий спорту;
«Кыргыз Республикасынын спорт чебери»:
Эркайым Жапарова – таэквон до WTF;
Бакдаулет Эгембердиев — грек-рим күрөшү;
Даулет Айдарбеков — грек-рим күрөшү;
Базарбек уулу Эламан — бел боо күрөшү;
Мелис уулу Сыймык — бел боо күрөшү;
Уланай Салиева — дзюдо.