Бишкекте өрттөн улгайган адам жабыркады

8

Свердлов районунда өрттүн кесепетинен бир адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн-1 кичи районундагы батирлердин биринин балконунда үй буюмдары күйүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 71 жаштагы адам жаракат алган. Ал шаардык ооруканага жеткирилген. Абалы оор.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.