Саламаттыкты сактоо министри коронавирустун экинчи толкунуна даярдык тууралуу айтып берди

24

Кыргызстан коронавирустун мүмкүн болгон экинчи толкунуна жигердүү даярданууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.
Маалыматка таянсак, курч респиратордук вирустук инфекциялардын этиологиялык структурасын өз убагында аныктоо максатында вирусологиялык лабораториялар үчүн реактивдерди жана тесттик системаларды сатып алууга билдирмелер даярдалган.
«Биз коомду коргоонун 1500 адисине алты ай бою эпидемиялык очоктордо иштеши үчүн жеке коргонуу каражаттарын, дезинфекциялоочу каражаттарды, антисептиктерди эсептеп чыктык, бюджетти түзүп, сатып алууларды жүргүзүп жатабыз», — деди Саламаттыкты сактоо министри.
Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, өлкөдө сасык тумоо жана коронавирусту аныктоо үчүн ПЦР изилдөөлөрүн жүргүзүүгө даярданган 15 бактериологиялык дарыгер даярдалган.