«Улуу-Журт» менен «Кыргызстан» шайлоого бирге барат

282

Бүгүн, 11-августта «Улуу-Журт» саясий партиясы менен «Кыргызстан» партиясынын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Ага ылайык, аталган эки партия биргеликте күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого чогуу бара турган болушту.
«Улуу-Журт» саясий партиясынын лидери Аргынбек Малабаев өлкөнүн келечеги үчүн биригүүгө баруу туура кадам деп баалады.
«Биздин партиянын курамын жаштар түзөт. Командадагы балдар «Кыргызстан» партиясында туруктуу жаштар көп экендигин айтышты. Партиянын бардык мүчөлөрү акылдашып, бул партия менен бирге шайлоого баруу чечимин кабыл алдык. Менин оюмча башка партиялар да биригүүгө барып, күчтүү альянстардын ортосунда саясий күрөш болуп, татыктуу партиялар парламентке келет деп ишенем», — деди Малабаев.
«Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев эки партиянын биригиши оңой болбогонун, сүйлөшүүлөр бир нече айлап созулганын айтты.
«Мындай чечимге кыска убакыттын ичинде келип калдык деп айта албайбыз. Эки партиянын биригүүсү бир нече айларга созулду. «Улуу-Журт» партиясынын курамы, жасап жаткан иштери бизге жакын болгондуктан шайлоого бирге баруу боюнча чечимге келдик», — деди Исаев.