Ленин райондук БҮМБнын жетекчиси Нурлан Галбаев Кызыл-Аскердин тургундары менен жолугушту

63

 

Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы дайындалган жетекчиси Нурлан Галбаев Кызыл-Аскерде жайгашкан филиалдын жамааты жана жергиликтүү активисттер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондун тургундары Кызыл-Аскердеги Ленин райондук БҮМБнын имараты оңдоп түзөөгө муктаж экенин айтышты.
Жергиликтүү элдин айтымында аталган имарат 1948-жылы салынган. Учурда чатырынан суу агып, дарыгерлердин иштөөсүнө ыңгайсыздык жаратууда.
Нурлан Галбаев жергиликтүү элдин пикирин уккан соң, чындыгында бул имараттын эскилиги жеткенин, капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө болгон күч аракетин жумшай турганын айтты.
Кызыл-Аскердин жашоочулары жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалап, ак халатчандарга жакшы шарт түзүп берээрине ишене турганын айтышты.