Өз билемдик менен орнотулган атайын үн чыгаруучу жабдуулар менен жабдылган 37 авто унаа кармалды

61

Азыркы учурда түнкүсүн Бишкек шаарынын чоң борбордук көчөлөрүндө, магистралдык жолдордо Бишкек шаарынын тургундарынын тынчын алып, авто унааларды атайын катуу айдап, айдоочунун тиешелүү уруксаты жок кайра жабдылган же өзү билемдик менен орнотулган атайын үн чыгаруучу, жарык берүүчү сигналдарды орнотуп, же авто жарыш уюштуруп, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти бузган айдоочулар көбөйду.
Мына ушул айдоочуларга карата чара көрүү тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына көп кайрылуулар келип түшөт.
Шаар тургундарынын кайрылуусун эске алып, жана шаарда түнкүсүн шаар тургундарга тынчтык бербеген айдоочуларга карата Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери атайын ушул багытта иш жүргүзүп, бир жуманын ичинде жалпысынан 37 авто унааны аныкташып, Кыргыз республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, протоколдор толтурулуп, авто унаалар убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилди.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма-сөз кызматы.