Имамидин Ташов Адинай Мырзабекованын ата-энесине Бишкектен батир берди

165

Борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын 5 –курсунун студенти Адинай Мырзабекованын ата-энесине
“КG групп” курулуш компаниясынын башчысы, меценат, кыргыздын кайрымдуу инсаны Имамидин Ташов элдин өмүрүн сактоодогу эрдиги үчүн деп Бишкектен батир берди. Мындан тышкары Адинайдын сиңдиси Жанэлди медик кылам деп милдетин алды. Адинай Мырзабекова биздин жаңы муундун баатыры экенин, ал коомчулукта элдин саламаттыгы үчүн өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы кыргыздын мекенчил кызы катары бааланды.

Адинайдын апасынын кайрылуусун бул жактан көрө аласыз.