Ноокен: Дыйкандар гектарына 34,8 центнерден буудай алышты

26

Ноокен районунун дыйкандары быйылкы жылы Кытайдан таркаган жаман илдетке карабай айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бышып-жетилген түшүмдөрүн жыйнап алууну улантууда. Райондук айыл чарба башкармасынын башчысы А.Асановдон алынган маалыматка караганда дыйкандар талаага көп топтолбогону менен 1684 гектарга өстүргөн күздүк жана жаздык буудайлардан район боюнча гектарына 34,8 центнерден эгин топтоп алышты.

Буудайын самандары таңгакталып, жыйыштырылып алынып, бошогон аянттар кийинки талаа жумуштары үчүн айдалууда.

Ал эми 138 гектарга өстүрүлгөн картошка да казылып алынууда. Картошканын түшүмү Сакалды айыл аймагында 169,8 центнерден, Ноокен жана Момбеков айыл аймактарында 166 центнерден айланды.
Ошондой эле Достук жана Бүргөндү,Арал, Сакалды айыл аймактарында арбын эгилген жашылчалар да жыйналууда.