Жалал-Абад: мечитте жума намаз окууга сентябрга чейин чектөө киргизилди

26

Жалал-Абад шаарында мечиттерде жума намазын окууга болгон чектөө узартылды. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, шаардык штабдын чечими менен 1-сентябрга чейин жума намазын окууга тыюу салынды.

Ал эми тез татым тамактануучу жайлар 20:00дөн кийин жеткирип берүү же алып кетүү шарты менен гана иштей турган болду.