Токтобек Балбаев, ишкер: Дарыгерлер акысыз эс алууга татыктуу

62

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аскарбек Куручбеков, продюсер Мирлан Даанышман, журналист Султанбек Аманбеков, активист Аманбол Бабакулов жана Бактыяр Казыкеев»кызыл аймакта» иштеген 10 дарыгер үчүн атайын улукман аталышындагы обсервация ачкан. Анда 10 дарыгер үй-бүлөсүнөн бөлүнүп чыгып, аталган обсервацияга жатып иштешкен.

Жогоруда аты аталган ыктыярчылар дарыгерлерди 14 күн бою ысык тамак менен камсыз кылышкан. Дарыгерлер 14 күндүк нөөмөттөн чыккан соң, Ысык-Көлдө «Солнышко» пансионатында 7 күн эс алышты. Пансионаттын жетекчиси Токтобек Балбаев мындай оор шартта иштеген дарыгерлер акысыз эс алууга татыктуу экенин айтып, алардын эс алуусу үчүн өзүнүн пансионатында 7 күн бою бардык шартын түзүп берди.

Дарыгерлердин эмгегин баалап, алардан бир сом албай, бир жума бою баккан Токтобек Балбаевге терең ыраазычылык билдирүү менен ишине ийгилик каалайбыз.