Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы дайындалган жетекчиси Нурлан Галбаев жергиликтүү активисттер менен жолукту

56

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы дайындалган жетекчиси Нурлан Басытович Галбаев Ленин, Биринчи май районунун тургундары менен жолукту.

Жолугушууда активисттер медицина тармагындагы көйгөйлөрдү айтышты. Нурлан Галбаев жергиликтүү тургундардын пикирин уккан соң, аталган көйгөйлөрдөн кабары бар экенин, аны чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтты.

Жолугушуунун соңунда активисттер жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалап, батасын беришип, БҮМБнын ишин мындан ары жакшы нукта алып кетээрине ишене турганын билдиришти.

Эске салсак, Нурлан Галбаев буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген.