КООМ

Компромат материалды чыгарбоо үчүн 200 миң сом талап кылган журналист кармалды

Ысык-Көлдө акча каражатын опузалап талап калгандыгы үчүн
шектүү адам кармалды.

27-июль күнү Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 57-жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында ага белгисиз адам компромат маалыматтарды ачыка чыгарбаш үчүн, андан 200 миӊ сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты жазык кодексинин 203 беренесинин 1 бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен Ысык-Көл облусу боюнча УКМКБнын КЖБРне катталып, жазык-процесстик кодексинин 153 беренесинин (Тергөөнүн караштуулугу) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштердин натыйжасында акча каражаттарын опузалап жаткан шектүү адамдын өздүгү аныкталып, ал 49-жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.А. болуп чыкты.
30-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы жана уюшкан кылмыштуулуккка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү Б.А. кармалып, анын автоунаасынын ичинен жактоочунун катышуусунда далил зат катары 150 миӊ сом өлчөмүндө акча каражаты табылып алынды.
Кармалган адамдын баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин УКЖга 48 саатка киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын компромат материалдардын далилдери да текшерилмекчи.