КООМ

Жалал-Абад: Түнкү стационар ачылды

Жалал-Абад мамлекеттик универиситетинин спорт залы түнкү стацинарга айланды. 20 орунга ылайыкташкан бул жайга шаар бийлиги тарабынан керектелүүчү медициналык каражаттар менен бирге 5 даана кычкылтек концентратор жана 15 даана коргоочу формалар берилди.

Көрүлүп жаткан мындай камылга оорунун алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында жүрүп жатат. Калаа башчыбыздын түнкү стационарларды ачуу боюнча буга чейин берген тапшырмасынын негизинде ЖАМУнун спорт залын бейтаптар үчүн пайдаланууну туура көрдүк. Бул жай бүгүндөн баштап кечки саат 20:00 дөн таңкы 08:00 го чейин оорулууларды кабыл алат.