КООМ

Ошто журналист УКМКга суракка чакырылды

Адыл Акжол уулу

Журналист Адыл Акжол уулу УКМКнын Оштогу бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу журналист өзү фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка таянсак, ага телефон аркылуу гана чакыруу болгон, расмий чакыруу каты берилген эмес.

Эмне маселенин негизинде чакырылып жатканын УКМК кызматкери айткан эмес.

Эске салсак, Адыл Акжол уулу буга чейин Оштогу жергиликтүү телеканалдын биринде иштеген. Акыркы кездери өзүнүн Ютуб каналын иштетип жүрөт.

🇰🇬Ыңгайсыз мага!🔺Мени жаңы эле УКМКнын Оштогу бөлүмү суракка чакырды. 📌29-июль саат 17:06 да мага белгисиз номерден…

Опубликовано Адылом Акжол Уулу Среда, 29 июля 2020 г.