КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Жалал-Абад: Өспүрүм кыздар 10 күндөн бери дайынсыз болууда

Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан “үйгө кетебиз” деп, чыгышкан бойдон дайынсыз .

Учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция кызматы аларды табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Сабырбекова Нурзаданын өзгөчө белгилери: Бою 140-145см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.
Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.

Сабырбекова Нурзиянын өзгөчө белгилери: Бою 160-165см, өңү сары, кашы, көзү сары, чачы сары, кыска.
Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.

Эгерде жогорудагы жоголгон кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы