КООМ

Депутат Талант Мамытов Ноокен райондук ооруканасына жардам берди

 

Жокорку Кенештин депутаты Талант Мамытов Ноокен районунун ооруканасынын жамааты менен жолугуп, аларга 3 даана кычкылтек концентраторлорун жана кошумча коргонуучу жабдыктарын тапшырды. Ошону менен бирге концентраторлор жетишсиз болсо районго муктаждыкка карата 3-4 күндүн ичинде кислороддук станция куруп бере турганын белгилеп, ал үчүн бардык керектелүүчү жабдыктар алынгандыгын билдирди.