КООМ

Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директорлугунан кетти

Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Өзү жарыялаган видеодо мугалимдерге бекем ден-соолук каалап, кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүргөн.

Эске салсак, ал аталган кызматка өткөн жылдын 3-декабрында дайындалган.