КООМ

«Семетей» обсервациясында орнотулган жана демонтаж болуп жаткан чатырлар тууралуу маалымат

Facebook социалдык тармагында COVID-19 менен бейтаптарды кабыл алууга орнотулган чатырлар, ММК өкүлдөрү тарагандан кийин демонтаж боло баштады деп тараган видео чындыкка дал келбейт.

КР ӨКМнын кызматкерлери тарабынан коронавирус инфекциясы тастыкталган бейтаптарды кабыл алууга кошумча чатырлар орнотулган. Бирок, алар демонтаж болгон эмес, болгону бир чатырды башка орунга жылдырып коюшкан.

Өзгөчө кырдаалдар министри З. Аскаров керектүү учурда, ведомство кошумча чатырларды өлкөнүн башка райондоруна дагы койгонго даяр экендигин айткан.

“Тилекке каршы, коронавирус менен бардык күчтөр күрөшүп жаткан учурда, социалдык тармактын айрым колдонуучулары атайын жалган маалымат таратып жатканы өкүндүрөт”, — ӨКМ КР.

❗ Бир гана расмий булактардан берилген маалыматтарга ишенүүгө чакырабыз.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб