САЯСАТ

Аксы районунун акими өз каалоосу менен кызматтан кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев отставкага кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка таянсак, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызды 7-июлда жазган.

Ал Аксы районун 1 жыл 3 ай башкарды, Өкмөт башчы анын арызына кол кое элек.