КООМ

Коронавирустан 7 киши каза болду

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);
Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер, 62 жашта);
Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);
Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта);

Жалпы каза болгондордун саны 99 кишини түздү.