КООМ

Ноокен районунда бейтаптарды дарылоо үчүн төрт жүздөн ашуун орун даярдалды

Ноокен районунда бейтаптарды дарылоо үчүн төрт жүздөн ашуун орун даярдалды.
Даярдалган орундардын 228и бейтаптарды жаткырып дарылоого, ал эми 194ү күндүзү кабыл алууга ылайыкталган. Бул тууралуу Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен аймактык ооуканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 20 орун, Кочкор-Ата областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунда 105 орун, Сакалды айылдык ооруканасында 18 орун, Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 20 орун, Кочкор-Ата аймактыкоорукансынын терапия бөлүмүндө 30 орун, Бүргөндү айылдык ооруканасында 35 орун уюштурулду.
Бейтаптарды күндүзгү кабыл алуу үчүн райондун аймагындагы 17-үй бүлөлүк дарыгерлер топторунда 41 орун, Масы айылдык спорт комплексине 50 орун, Кочкор-Ата шаарындагы спорт комплекске 53 орун, «Кыргызнефтегаз» ААКнун профилакториясына 50 орун даярдалды.
Район башчысынын айтымында, 6-июль күнү райондук штабдын 28-отуруму өтүп, аткарылып жаткан иш аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.