КООМ

Баткенде медицина кызматкерлери сыйланды

Баткен ОИИБинин начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов бүгүн Баткен ОИИБнин медицина кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады. “Бекем саламаттык ар бир коомдун байлыгы, бүгүнкү кырдаалда биздин медицина кызматкерлери күнү-түнү түйшүктүү жумуштарын аткарууда. Сиздердин бул эмгегиңиздер баалуу”, — деп жылуу сөздөрүн айтып медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктарын тапшырды.
Баткен ОИИБнин медицина кызматында эмгектенген кызматкерлер медаль, ардак грамоталар менен сыйланышты.