КООМ

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады

Журналист Бүбүкан Досалиева дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Ал өзүнүн журналисттик карьерасында бир топ мекемелерде иштеди. Акыркы жылдары «Азаттык» радиосунда иштеп жаткан болчу.

Ал оорудан улам кайтыш болду.

RACURS.KG сайтынын жамааты маркумдун аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.