МАЕК

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору: «Милициянын ыйык парзы — бардык учурда калыс, адилет, сабырдуу жана таза болуу”


ИИОнун мурдагы кызматкери, милициянын ардагер подполковниги, юридика илимдеринин доктору, коомдук ишмер, саясый талдоочу, заманыбыздын сергек мүнөздүү инсандарынын катарындагы каарманым Кайрат Осмоналиев ИИО тармагы, андагы жаңы мыйзамдар, саясаттагы, коомдогу милициянын орду тууралуу ой бөлүштү.
-Кайрат мырза, сиз өзүңүз да бир кезде форма кийген адамсыз. Милиция сиз үчүн ким жана эмне?
-Менин милициям мени коргойт деген сөз мен үчүн баарын айтып тургандай. Совет доорунан калса да актуалдуулугун жогото элек түшүнүк деп ойлойм. Чынында мен милицияда кесипкөйлүк деген да абдан зарыл касиет деп билем. Милицияда юридикалык, физикалык жактан, психологиялык даярдыктан да такшалган адамдар гана бул ишти аркалай алышат. Совет бийлигин орнотууда темирдей тартипти сактап, ички иштер кызматын жетектеген Ф.Э.Дзержинскийдин чыныгы милиционер болуш үчүн: “Ысык жүрөк, таза кол, тайманбас инсан болуу милдет” дегени туура келет. Андан соң коомдук тартипти камсыздоо, кылмышты иликтөө, тергөө жана профилактика тармагы жөнүндө сөз кылсак болот.
-Сиз юридика илимдеринин докторусуз. Бул тармакты ийне жибине дейре иликтеп жүрөсүз. Өткөн 2019-жылы ИИМ тармагында 5 кодекс 2 мыйзам ишке кирди. Мына ушулар канчалык деңгээлде заман талабына шайкеш келе алат деп айта аласыз?
-Кыргыз Республикасынын жазык процессуалдык кодексинен жазык ишин козгоо стадиясын алып салышты. Эми КЖБРне кандай гана арыз болбосун, түшөөр менен сотко чейинки өндүрүш ачылат. Бул караманча туура эмес. Конституциялык принцип деген бар, айыпталуучу бир гана соттун чечими менен аныкталат. Азыркы сөз кылып жаткан жаңы ЖПКнын авторлору, жазык ишин козгоо стадиясын алып ташташкан. Алар сыйлык алышты, ИИМ болсо кыйналып алар ошол мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Мисалга алсак мурун, эски ЖПК боюнча ички иштер тармагы 30 000 кылмыш ишин тергесе, 2019- жылдан тарта бул түйшүк беш эсеге өстү. Эми карасаңыздар жалган маалымат бергендерге тосмо жок, фильтр жок. Экинчиден тергөөчүнүн мөөнөтү шектүү адамга кабарлоо берилгенден баштап эсептелет. Буга ылайык тергөөчү жана алдын ала тескөөчү сотко чейинки өндүрүштү каалаганча чоё берет. Бул туура эмес. Биз бул жерде адамдардын тагдыры менен ойноп жатабыз. Бул багытта менин жеке пикирим, бирок бул келечекте ойлонто турган маселе, ошол себептүү кетирилген кемчиликтердин үстүндө ошол мыйзамдарды жазгандар эмес практикада иштеген ИИМ изденип жатат.
-Сиздин оюңузча эгер аталган кодекстерге айрым өзгөртүүлөр болсо кайсы беренелер каралышы керек?
-Азыркы ЖПКда орун алган абдан көп карама-каршылыктар калк ичинде жагымсыз талкуу жаратып, нааразычылык күчөгөндөн күчөп баратат.
Анткени менен иштеп чыгуучу топ бул гумандаштырылыш максатында кылынган деп түшүндүрүшөт. Тактап айтканда жоруктар жөнүндө кодекси, жазык кодексинин профилактикалык функцияларын толук кандуу ишке ашырылбагандыгына өбөлгө түзөт. Ал эми жазык жоопкерчилигине тартылуу соттолгондукка алып келбейт. Көп учурда кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылбай калууда. Кыскача айтканда жаңы кодекстерди иштеп чыгуучу топ укуктук жана мамлекеттик системага каршы бүлүнтүү жасаган. Ошондуктан аны кайрадан карап, көп өзгөртүүлөрлү киргизүү зарылчылыгы бар.
-ИИМ тармагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо жаатында тынымсыз реформалык кадамдарды жасап келет. Сиздин оюңузча дагы башка кандай реформалык аракеттерди көрүүгө тийиш?
-Ички иштер органы көп жактуу жана терең реформага муктаж. Себеби глобализациянын жана учурдун критерийлери, чакырыктары ошону талап кылат. Кылмыштын түрлөрү, уюшкан кылмыштуулук трансулуттук мүнөзгө ээ болууда. Жогорку технология тармагындагы кылмыштар, наркотикалык, экстремисттик, терроризм багытындагы кылмыштар жаңыланууда жана өсүүдө.
Азыркы уюштуруу, башкаруу системасы көбүн эсе эски эле түзүлүштө болууда. Атайын окуу жайларда билим берүү да бүгүнкү талапка жооп бериш керек деп ойлойм. Техникалык жактан камсыз болууну да күчөтүү керек. Айлык-маяна маселелери көтөрүлү жатата, бирок бүгүнкү жашоо шартка ылайыкташкан эмес. Өнүккөн мамлекеттерден билим алуу, кесиптик даярдыктан өтүү маселелери чечилиш керек. Ушул жаатта көп иштерди аткаруу зарыл.
-Киберкоркунучтар, экстремизим-террроризм багыты жакынкы аралыкта Кыргызстанга олуттуу коркунуч жарата алабы? Бул үчүн милиция эмне кылышы керек?
-Биздин өлкөнүн геосаясий абалы терроризм жана экстремизм багытындагы маселелерге сак болууну, кырдаалдын кескин өзгөрүп кетүүсүнө даяр турууну талап кылаары айдан ачык көрүнүш. Борбордук Азиядагы өлкө катары диний экстремизм жаатында ички иштер органдарына көп маселелер коюлган жана атайын кызматтар да бар. Аймактагы стабилдүүлүктү бузуучу көп факторлордун алдын алып туруу зарыл. Коңшу өлкөлөрдөгү диний экстремисттик, улуттук террористтик агымдардын кесепети бизге тийбеши үчүн оперативдик-чалгындоо, профилактикалык иш чаралар, үгүт иштери жогорку деңгээлге коюлушу милдет. Ички иштер органдары улуттук коопсуздук кызматы менен, чек ара кызматы менен, финансылык чалгындоо кызматы менен тыгыз кызматташтыкта болуусу зарыл. Улуттук араздашууга, диний экстремисттик топтордун рекруттарын аныктоодо, аларды куралсыздандырууда алгылыктуу иш чараларын көрүүсү зарыл. Ислам өлкөлөрүндөгү болуп жаткан кагылышууларда тиешеси бар уюштурууучуларды, согушкерлерди таап, аларга убагында чара көрүүлөрү зарыл. Бул тармакта милициянын ролу чоң болушу керек.
-Коомубузду саясатташып кетти деп келебиз. Мындай шартта милициянын өз ишин так аткарышына кайсы бир саясый факторлор кедерги, жолтоо болушу мүмкүнбү?
-Өлкөнүн турмушунда болуп жаткан саясий окуялар, ички иштер органдарына тиешелүү маселелерди коет, анын аткарылышына таасирин тийгизет. Конкреттүү саясий абал конкреттүү маселелерди жаратат. Албетте аткаруу бийлигинин бир тармагы болгон ички иштер органы өлкөдө болуп жаткан саясий абалга жараша тиешелүү иштерди аткарууга милдеттүү. Негизги багыт: Бул кылмыштын алдын алуу, кылмышкерди изилдөө, кылмышты тергөө, коомдук тартипти камсыздоо — ал сакталып кала берет. Бирок өлкөдөгү саясий фон, бул иштерге түздөн-түз таасирин тийгизет, бул айныгыс чындык. Буга көп эле мисалдарды келтирсек болот. Биздин өлкөнүн акыркы жыйырма жылындагы башынан өткөргөн массалык баш аламандыктар, төңкөрүштөр, козголоң учурлары ички иштер органдарына өзгөчө талаптарды койгон десем жанылышпайм. Стабилдүүлүк учуру болсо башкача талаптарды койду. Бул турмуш чындыгы. Мындан эч жакка кача албайбыз. Эң негизгиси бардык учурда калыс, адилет, сабырлуу жана таза болуш милициянын ыйык парзы.
-Президент быйылкы жылды “региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялады. Санариптештирүү милициянын ишин жеңилдете алабы?
-Санарип технологиясынын өнүгүүсү ички иштер органдарынан өтө жооптуу жана татаал маселелерди чечүүнү, материалдык техникалык базаны чыңдоо багытында, учурдун талабына жооп берген өтө жогорку технологиялык каражаттарды сатып алууну, ар бир кызматкерди аны менен камсыздоону талап кылат. Ошону менен катар акылдуу шаар, коопсуз шаар сыяктуу долбоорлор кылмыштын бетин ачууда, кылмыштын алдын алууда өзүнүн оң таасирин берүүдө десек жаңылбайбыз. Айылдарда дагы санарип технологиясын өнүктүрүү, айылдагы инфраструктураны жогорку деңгээлге чыгаруу бул зарыл нерсе. Анда айылдын эли да борборлошуудан азап тартпай өз региондорунда татыктуу турмуш кечиришет. Ички иштер органы деле бул иштерге үндөшүп аймактарда да шаар жериндегидей иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Зарыл болгон информацияны, маалыматты, айыл жеринде туруп эле ала алышмак, кылмыштын бетин ачуу, кылмышкерди издөө, кылмышты тергөө иштери бир кыйла жеңилдейт. Реформа айыл, шаар деген айырма жок, бир чогуу системада иш алып барууга мүмкүндүк түзө турган деңгээлде болуусу керек. Негизи ушу тапта ИИМ тармагында жетекчилик кызматтарынын санын азайтып, катардагы кызматкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүк жактарын өөрчүтүп жатат. Ошондой эле мыйзамдуулуктун сакталуусу жогорку деңгээлде болушу керек.
-ИИМде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бар. Өспүрүмдүн аң сезимине милиция таасир этиши шартпы?
-Жаш өспүрүмдөр менен иштөө жаатына кайрылсак эл аралык жана эски совет доорунан бери келе жаткан тажрыйба боюнча бул иште милиция кызматы керектигин далилдеп жатат. Жаш балдар менен иштөө инспекциялары билим берүү тармагы, социалдык кызмат, айыл өкмөттөрү жана башка көп сандаган уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Жашы жетелектердин аң-сезимин өзгөртүп, аларга туура тарбия берүүдө эне-ата, билим берүү мекемелеринин таасири аздык кылат. Себеби бул категориядагы мекендештерибиздин кылмыш дүйнөсүнө аралашуу коркунучу болгон жана болуп келе жатат, аны аныктоодо атайын кызматтын болушу зарыл. Анын мүмкүнчүлүктөрү: «Оперативдик чалгындоо», «Атайын профилактикалык иш чаралары» жактан алганда чоңурак жана көбүрөк. Бул кызматтарда педагогигалык, юридикалык жактан билимдүү жана психология жактан такшалган адистер иштөөсү абзел. Бул өтө кылдаттыкты талап кылган жумуш. Албетте бул ишти милиция аткаруусу керек жана зарыл деп ойлойм.
-Ал эми коом үчүн милиция ким болушу керек? Милиция үчүн ийкемдүүлүк зарылбы же туруктуулук жетиштүү болобу?
-Ар бир эле коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр, окуялар адегенде түшүнбөстүктү, үстүртөн кароону, мурунку көнгөн абалга эле кайтууну талап кылат эмеспи. Милицияда 96 жылдан бери коомдун шартына, өзгөрүүсүнө, өнүгүүсүнө жараша ар дайым процессуалдык мыйзамдар да өзгөрүп турган. Ачыгын айтыш керек ал мыйзамдар Россияныкына коендой окшош болгон, анткени биздин тарыхыбыз бул өлкө менен тыгыз байланышта болгон. Азыркы жаңы өзгөргөн процессуалдык мыйзамдар озгөрүүгө дуушар болушу керек. Биздин кызматкерлерибиз бул мыйзамдар менен иштеп жатышат. Учурда ИИМ Парламентте бул мыйзамдарды иштетүү үчүн өз корректировкаларын киргизип, жаңы кодекстерди жакшы жакка өзгөртүү үчүн аракет кылып жатышат. Эгерде бул жаңы кодекстерди башынан тажрыйбалуу юристтердин тобу иштеп чыкканда, бул мыйзамдар учур талабына шайкеш келген укуктук нормалар болмок. Эми айла жок, артка да жол жок, кемчиликтер болсо бар. Эми бул мыйзам улам-улам түзөтүүгө дуушар болуп жатат. Турмуш көрсөтүп жаткандай, кесипкөйлөрдүн айтып жаткан пикирлери боюнча да бул кодекстер заманбап, учур талабына жооп берет деп айтуу кыйын. Мындай катачылыктарга жол бербөө керек эле, эми бул кетирилген кемчиликтер дыкат изилденип, авторлор жазаланышы керек. Калганын убакыт көрсөтөт. Бирок процессуалдык нормалардын кемчиликтери колдонууда өз кедергисин тийгизип, аны так жана туура колдонууга бөгөт коюлуп жаткандай. Кандай болгон күндө да милицияга туруктуулук да, заманга жараша ийкемдүүлүк да абдан зарыл.