КООМ

Ноокен: “Аталардын эрдигин даңктайбыз” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Сыйлык тапшыруу аземи

Сыйлык тапшыруу аземи

Бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен райондук, Ноокен администрациясынын чоң залында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” атту мектеп окуучулар арасында Республикалык онлайн кароо сынактын Ноокен районун аймагындагы жеңүүчү окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Ноокен району боюнча 30 окуучу дипломат наамын алса, 6 окуучу байгелүү 2-3-орундарга жетишти. Мындан сырткары 3 мектептке (Б.Дамашев атындагы 30-орто мектеп, Ж.Бөкөнбаев атындагы 1-орто мектеп,Губкин атындагы 14-орто мектеп) жана Масы балдар билим борборуна ыраазычылык кат жарыяланды.
Сыйлыктарды тапшыруу үчүн Ноокен райондук администрациясынын биринчи орун басары Атыбаев Ж.А.,Ноокен райондук администрациясынын орун басары Юлдашева З.И. жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобаев Н.К. катышты.
Алар окуучулардын азыркы кырдаалга карабастан онлайн түрдө да сынака активдүү катышып бергенди үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да Ноокен районунун атын чыгара берүүсүнө тилектеш болушту. Мындан сырткары 4-чейректи дистантык түрдө жакшы окуп жыйынтыктап, Ноокен району Жалал-Абад оюлусу боюнча алдыңкы үч райондун катарына киргендигин баса белгилеп өттү. Мында мугалимдердин жана окуучулардын эмгеги зор экендигин кошумчалады.