САЯСАТ

Алмазбек Атамбаевге УКМКда атайын оору жугузушканбы?

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт Кундуз Жолдубаеванын фейсбук баракчасынан алынды

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт Кундуз Жолдубаеванын фейсбук баракчасынан алынды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начарлап, ооруканага жаткырылган.
Айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен А. Атамбаев Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Клиникалык ооруканага жаткырылганын жазышты.
Андагы маалыматка таянсак, мурдагы президент жаткан палатаны конвойлор кайтарышууда.
Алмазбек Атамбаев пневмония оорусуна чалдыкканы маалым болду. Улуттук коопсуздук кызматы мурдагы президент акыркы кездери жактоочусу жана үй-бүлө мүчөлөрү менен жолукканын билдирди.

Ал ортодо Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев өзүнүн фейсбук баракчасына УКМКнын убакылуу кармоочу жайында атасына атайын оору жуктуруп коюшкан болушу мүмкүндүгүн жазды.

Кадыр Атамбаевдин айтымында, УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагылар жана анда иштеген кызматкерлердин баары коронавирус жуктуруп алган болушу мүмкүн.

Мындай билдирүүгө УКМК дароо жооп кайтарып, Атамбаевдин жакындары жалган маалымат таратып, элди башаламандыкка салып жатканын билдирди.

«Алмазбек Атамбаев ооруну жактоочусу Замир Жоошевден жуктуруп алган болушу мүмкүн. УКМКда баары ооруп жаткан болушу мүмкүн деген калп, штаттык режимде иштеп жатабыз», — деп айтылат маалыматта.