САЯСАТ

Вице-премьер-министр коронавирус жуктуруп алды

Эркин Асрандиев

Эркин Асрандиев

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЧР-анализи оңдуу жыйынтыкты көрсөттү.


Ага карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды.

КР Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда.